Ошто кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

 Ошто кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Кышкы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуү Ош шаарынын мэриясы маалымдады.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык коммуналдык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

Кышкы жылытуу мезгилине карата даярдыктарга катышкан бардык мекеме-ишканалар жумуштарды график боюнча иш алып баруу;

Көп кабаттуу турак жайлардын кире беришин жана жер төлөлөрүн кышкы мезгилге даярдыгын көзөмөлдөө, ошондой эле бул боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

Жеке турак жайдын жашоочулары үчүн ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан көмүр сатуучу жерлерди аныктоо, ошондой эле, административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын курамына кирген аймактардын жашоочуларына канча көмүр керек экендигин тактоо.

Связанный пост