6 ай ичинде кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңген

 6 ай ичинде кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңген

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын спортчулары дүйнө жана Азия чемпионаттарында, ошондой эле эл аралык мелдештерден жалпы 268 медаль жеңип келди. Анын ичинен 78 алтын, 71 күмүш жана 119 коло медалдар.

 

2024-жылдын биринчи жарым жыл ичинде негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде 84 спорттук-массалык иш-чара өткөрүлдү. Алардын ичинен эл аралык турнир 8, спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 64 чемпионаты жана кубоктору орун алды. Ал эми, 29 810 адамдын катышуусу менен 163 спорттук массалык (облустук, райондук, шаардык дээнгелде) иш-чаралар уюштурулду.

 

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын мүчөлөрү жарым жылда 131 спорттук-массалык иш-чараларга (Дүйнө жана Азия чемпионаттары, Дүйнө жана Азия кубоктору, лицензиялык жана рейтингдик эл аралык турнирлер) катышты. Курама командалар үчүн 54 окуу-машыгуу жыйындары өтүп, анын ичинен 16сы эл аралык жыйындар болду.

 

Жарым жылда Кыргыз Республикасынын аймагында 7 эң маанилүү спорттук иш-чара өттү:

– 26-февралдан 3-мартка чейин Бишкек шаарында 17 өлкөдөн келген 145 спортчу катышкан бильярд боюнча XIX Дүйнө чемпионаты;

– 10-16-март күндөрү Бишкек шаарында 6 өлкөнүн спортчулары катышкан шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын Дүйнө чемпионаты;

– 24-30-март күндөрү Бишкек шаарында 5 өлкөнүн спортчулары катышкан кыз-келиндер командаларынын арасында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Азия чемпионаты;

– 25-30-март күндөрү Бишкек шаарында 14 өлкөдөн келген 120 спортчу катышкан кулагы укпагандар (дүлөйлөр) арасында таэквондо боюнча Дүйнө чемпионаты;

– 10-16-апрель күндөрү Бишкек шаарында 28 өлкөнүн 367 спортчулары катышкан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты;

– 19-21-апрель күндөрү Бишкек шаарында 24 өлкөнүн 195 спортчусунун катышуусунда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Париждеги Олимп оюндарына Азиялык квалификациялык (лицензиялык) мелдеши өтүп, 36 спортчу Олимп оюндарына лицензия алды;

– 4-майда Ысык-Көл облусунда ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафону “Run the Silk Road” жана спорттун түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын биринчиликтери өткөрүлдү.

– 1-5-май күндөрү балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин жана олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин окуучуларынын арасында “Мен чемпионмун” долбоорунун Республикалык этабы Нарын облусунда өткөрүлүп, анын алкагында Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгында спортчулар үчүн имарат мейманканасы менен ачылды.

– 10-14-май күндөрү “Мектеп лигасы” долбоорунун алкагында орто мектеп окуучулар арасында мелдештер өттү.

Связанный пост