Жети-Өгүздүн Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды

 Жети-Өгүздүн Саруу айылында 500 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу Ж.Чабылдаев атындагы мектептин курулушуна капсула салынды.

 

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, ведомство жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында капсула салуу иш-чарасына катышты.

 

Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Тендердик баасы 232 млн сомдон ашык бааланган.

 

Курулуш-монтаждоо иштери “Дастан Строй компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.

Связанный пост