“Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүү киргизилди

 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

 

Айыл чарбасын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлердин субъекттерин агроазык-түлүк продукцияларын сатуунун эл аралык рынокторуна чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта “Алдынкы агроөнөр жай комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун” деген сөздөр “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 4-пункттун “б” пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кластердин катышуучуларынын реестрин каттоо жана жүргүзүү”.

Связанный пост