Кыргызстандагы мектептерде дээрлик 1,5 млн бала билим алат
Кыргызстанда 2 377 мектепте 1 млн 491 миң бала билим алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 204ү жеке менчик мектеп болуп саналат.
“Жыл башынан бери мектептердин саны 27ге көбөйгөн. Эгерде мындан 10 жыл мурда өлкөдө 1 млн окуучу билим берүүгө тартылса, азыр окуучулардын саны 1 млн 491 миңди түзөт. Учурда Бишкек шаарынын аймагында ички миграциянын жана төрөлүү динамикасынын көптүгүнө байланыштуу класстарда балдардын санынын жыштыгы белгиленүүдө”, – деди Кендирбаева.