Салык кызматы 6 айда салык жана камсыздандыруудан 138,5 млрд сом чогултту

 Салык кызматы 6 айда салык жана камсыздандыруудан 138,5 млрд сом чогултту

Бүгүн Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган коллегиянын отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

 

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты.

 

Жолугушууда Салык кызматынын иштеринин жыйынтыгын чыгарып, жарым жылдык үчүн салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, карыздарды өндүрүү жана салык процедураларын фискалдаштыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле коллегияда салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча аймактык салык органдарынын ишинин жыйынтыктары талкууланды.

 

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов белгилегендей, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында Салык кызматы 138,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, планды 5,2 млрд сомго ашыгы менен аткарган.

“Мамлекеттик бюджетке 101,2 млрд сом салык жана төлөмдөр түшкөн. 2023-жылдын биринчи алты айына салыштырмалуу түшүүлөр 16,8 млрд сомго көбөйдү, бул өсүү темпи 119,9%ды түзөт”, – деп билдирди Кыдыргычов.

 

Ошондой эле ал камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жыйымдардын суммасы 37,3 млрд сомду түзүп, план 4,7 млрд сомго, же 114,6%га ашыгы менен аткарылганын белгиледи. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 16,8 млрд сомго көбөйүп, өсүш 117,6%ды түздү.

 

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нургүл Салиева салыктык башкарууну жакшыртуу үчүн электрондук куралдарды киргизүүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

 

Министрлер кабинетинин башчысы экономикалык жана финансылык оор шарттарга карабастан өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдүн олуттуу өсүшүн белгиледи. Бул мамлекеттин социалдык программаларынын аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

 

“Өткөн жыл баарыбыз үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү жыл болду. Бул жыйынтыктарга салыктык башкарууну жакшыртуунун жана ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүүсүнүн аркасында жете алдык”, – деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

 

Ошондой эле, акыркы үч жылда салыктык башкаруу чөйрөсүндө программалык чараларды ишке ашыруунун аркасында олуттуу прогресс байкалганын, бул салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпин орточо 135% га жогорулатууга мүмкүндүк бергендигин белгиледи.

Акылбек Жапаров Салык кызматынын ишинин оң натыйжаларына карабастан фискалдык органдын алдында көмүскө экономиканы минималдаштыруу жана салыктык башкаруунун сапатын мындан ары жакшыртуу боюнча жаңы милдеттер тургандыгын кошумчалады.

 

Отурумдун жүрүшүндө аймактык салык органдарынын башчылары күн тартибин талкуулоодо иштердин жыйынтыктары жана иштерди жакшыртуу, алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришти.

 

Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов докладдарды угуп, жер-жерлерде салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу менен салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аныкталган көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.

Связанный пост