Бажычылар 26 унааны КР алып кирүүдө бажы эрежелеринин бузуу фактысын аныкташты

 Бажычылар 26 унааны КР алып кирүүдө бажы эрежелеринин бузуу фактысын аныкташты

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бажы контролунун алкагында иш-чараларды жүргүзүүдө бажы эрежелеринин бузуу фактысын аныкташты.

 

«Торугарт» алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайында «Toyota RAV 4» жана «Changan Uni-K» үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга жалпы 26 бирдик санда транзиттик декларациялар ачылган, мында БИ МИ «Кант» БТЖ убактылуу сактоо кампасы товарларды жеткирүү жери катары аныкталган.

 

Бирок унаалар транзиттик декларациясын аяктабастан, бажылык тариздөөсүз колдонулуп жүргөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, убактылуу сактоочу кампанын аймагын текшерүү учурунда бул унаалар жок болуп, иш жүзүндө алуучунун унаа токтотуучу жайында турганы аныкталган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 8 миллион 519 миң 760 сомду түздү.

 

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост