Талас шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелер текшерилди

 Талас шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелер текшерилди

Бүгүн, 5-июнь Талас шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелер текшерилди.

 

Текшерүү учурунда Талас шаарындагы бала бакчалардын санитардык абалдарын калыбына келтирүү, балдарды туура өлчөмдө тамак-аш менен камсыздоону, эт, жумуртка азыктарынын сакталуу шарты каралды.

 

Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, санэпидемстанция, ветеринардык кызматкерлер жана Талас шаардык билим берүү кызматкерлери тарабынан текшерилди.

 

Таласта жалпысынан 10 бала бакча текшерүүдөн өтүп, санитардык абалга туура келбеген бакчаларга эскертүүлөр берилди. Мындан ары ишти кылдаттык менен аткарууну көзөмөлгө алуу туралуу сунуш киргизилди.

 

Кетирилген кемчиликтерди бир багытта алып барыш үчүн, июнь-июль айларында бала бакча кызматкерлерине семинар өткөрүү пландалууда.

Связанный пост