Казакстан Алматы менен Ысык-Көлдү байланыштырган унаа жолун курууга даяр
Казакстан Алматы облусу менен Ысык-Көлдү байланыштырган унаа жолун курууга даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Казакстандын финансы министри Мади Такиевдин жолугушуусунда айтылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 30-майда Бишкек шаарында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешип, экономика тармагындагы бир катар маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле алар Казакстандын Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык объекттерин иштетүү жана реконструкциялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.
Казакстандын каржы министри Такиев казак тарап Алматы облусун Ысык-Көл облусу менен байланыштырган автожолду курууга даярдыгы жөнүндө белгиледи.