Ош шаарында алгачкы жолу жаштар хабы ачылды

Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин алдында Жаштар хабы ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

 

Ага Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Салтанат Аманова, “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмесинин директору Гүлбарчын Сүйүнова, бизнес-коуч, блогер Урмат Насыкулов, жаш ишкерлер жана студенттер катышышты.

 

Иш-чаранын алкагында жаштарга санариптештирүү, лидерлик, жашыл экономика, алдыңкы технологиялар менен тааныштыруу максатында лекция өткөрүлүп, жалпы 18 миң евро өлчөмүндөгү зарыл болгон техникалык жабдуулар тапшырылды.

 

Жаштардын башын бириктирген хабда акысыз түрдө IT- технологиялар, жаштардын ишкердигин өнүктүрүү багытында ар кандай семинар-окутуулар өтүп турат.

 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети менен “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси биргелешкен жаңы долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлган.

 

“Жаштар санариптештирүү, лидерлик жана жашыл көндүмдөр үчүн” долбоорунун максаты – Кыргызстандын жаштарына туруктуу өнүгүү үчүн инклюзивдик жана санариптик келечекти курууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

Связанный пост