МинКаб башчысы Акылбек Жапаров Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 24-майында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында Ашхабад шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту.

 

Жолугушууда МинКаб башчысы Жыл башынан бери кыргыз-казак мамилелеринде жигердүү өз ара аракеттенүү байкалганын белгиледи.

“Апрель айында Бишкекке болгон жумушчу сапарыңыздын алкагында сиз экөөбүз эки тараптуу кызматташуунун бардык спектри боюнча деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана 18-19-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун Кыргыз Республикасына расмий сапары болду. Казакстан Республикасы, ошондой эле Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 6-жыйыны ийгиликтүү өттү”-деди МинКаб башчысы Акылбек Жапаров.

Ошондой эле МинКаб башчысы эки өлкө жетекчилиги алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн өлкөлөр ортосундагы күн тартибинде турган инвестициялык жана башка долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл экенин белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов: «Биздин мамилелерибиздин маанилүү стратегиялык компоненти соода-экономикалык вектор болуп саналат. Биз бул позитивдүү динамиканы сактап, мамлекет башчылары белгилеген жаңы максатка, соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 млрд долларга жеткирүү үчүн ишти активдештирүүбүз керек, – деп белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров кесиптешин 2024-жылдын 10-11-июнунда Вена шаарында Дүйнөлүк банктын колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга чакырды.

Ошондой эле тараптар, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелердин духундагы кызматташуу, мындан ары да прогрессивдүү өнүгөөрүнө ишеним артышты.

Связанный пост