Кыргызстанда бир аптада СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды
Кыргызстанда бир жумада, 15-августтан 22-августка чейин СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен амбулатордук дарыланууда — 297, ооруканага жактырылгандар – 42.
Үстүбүздөгү жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 789 учуру катталган, анын ичинде 18789 (90,3%) учур лабораториялык негизде жана 2000 (9,7%) учур клиникалык-эпидемиологиялык түрдө тастыкталган.
Белгилей кетсек, тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл зонада турат.