Салык кызматы 4 айда 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алды

 Салык кызматы 4 айда 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алды

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын төрт айында рейддик салык контролунун жүрүшүндө 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) тартып алды.

Анын ичинде АИ-92 маркасындагы 52,7 миң литр, АИ-80 маркасындагы 33,6 миң литр бензин жана 12,3 миң литр дизелдик отун тартып алынган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын жыйынтыгы боюнча Салык кызматкерлери тарабынан 943 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынды.

Эскерте кетсек, күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене сатуу автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны пайдалануу менен май куюучу жайларда ишке ашырылууга тийиш.

КММны ташууда жана сактоодо милдеттүү түрдө контролдук пломбалар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар колдонулат.

КРнын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик айыптар каралган.

Связанный пост