Кыргызстан жети айда 307,8 тонна айыл чарба продукциясын экспорттоду
Үстүбүздөгү жылдын 7 айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту – 307 миң 879 тоннаны түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул өткөн жылга салыштырмалуу 76 миң 276 тоннага аз, 2021-жылдын ушул мезгилинде 384 миң 155 тонна экспорттолгон.
2022-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү.
Жашылчалар Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Жала-Абад, Баткен облустарынан ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттолду.