Баткенде жаштар кооператив түзүп, 10 гектар жерге кулпунай өстүрүштү

Баткенде жаштар кооператив түзүп, 10 гектар жерге кулпунай өстүрүштү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы кулпунай өстүргөн кооперативдин ишмердүүлүгү менен таанышты.
“Клубмалина” Жаңы-Жер айыл чарба кооперативине учурда 28 адам мүчө. Алар дүйнөлүк рынок талап кылган сапатка жана чоң көлөмгө жетүү, экспортко чыгуу максатында биригишкен.
Демилгелүү дыйкандарга райондук айыл чарба департаменти тарабынан жер ажыратылып берилген.
Натыйжада 10 гектар
жерге тамчылатып сугаруу ыкмасы менен кулпунай өстүрүшкөн.
Үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн суу сактагыч курушкан. Жалпы 12 млн сом жумшалган.
Дыйкандар учурда алгачкы түшүм алуу алдында турушат. Гектарына 10 тоннага чейин түшүм берүүсү күтүлүүдө.
Кулпунайдын эки түрү өстүрүлгөн, бирөө жаз алды менен 45 күн бою түшүм берсе, экинчиси кеч күзгө чейин түшүм берет.
Кооператив мүчөлөрү облус башчысы Абдикарим Алимбаевге, алдыда кулпунай талаасын 30 гектарга чейин кеңейтүү жана кулпунайды кыш мезгилинде да өстүрүү үчүн күнөскана куруу пландарын айтышты.
Ал үчүн эгин талаасына электр энергиясын тартып келүү, тике суу кудугун казып, жер астынан суу чыгаруу зарылдыгын билдиришти.
Кооперативдин алгачкы ийгиликтерин көрүп чыккан облус башчысы жергиликтүү бийлик тарабынан бирикменин ишин илгерилетүүгө ар тараптуу колдоолор болоорун билдирди.

Связанный пост