Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду, ардагерлерди жана Кыргызстан элин Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду, ардагерлерди жана Кыргызстан элин Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

«Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктоо жолдойм!

Бул күнү биз согуш талаасында жана эмгек фронтунда жеңишке жетишкендерге таазим этебиз. Бул улуу Жеңиш күнү кийинки муундардын жаркын келечегин баары бир кишидей туруп, коргоп келген элдерибиздин баатырдык рухунун жана биримдигинин символу болуп, түбөлүккө кала берет. Согуш жылдарында көрсөтүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да биздин эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем”, — деп айтылат Түркмөнстандын Президентинин куттуктоосунда.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана түгөнгүс энергия, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост