Россиянын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын ардагерлерин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана ардагерлерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.
“Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ. Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын – фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин ыйык сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык достук жана өз ара жардамдашуу салттары биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем”, – деп айтылат Россиянын Президентинин Кыргызстандын Президентине жолдогон куттуктоосунда.
Владимир Путин ошондой эле Кыргыз Республикасында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык сөздөрүн жана бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалоолорун билдирди.