Патенттик салык төлөө системасы кирешенин реалдуу суммаларын жашырууга мүмкүндүк берет
2024-жылдын 1-июлуна чейин патенттин негизинде соода ишин жүргүзгөн субъекттер КРнын Салык кодексинин 416-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун талаптарынын алкагында башка салык режимине өтүүгө тийиш.
Бүгүнкү күндө патенттин негизиндеги салыктын суммасы салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын көлөмүнө карабастан белгиленди, б.а. салык төлөөнүн бул ыкмасы чакан бизнестин субъекттери үчүн каралган, ал эми иш жүзүндө, тажрыйба көрсөткөндөй, салык төлөөнүн бул ыкмасын орто ишкерлер да, ал эми айрым учурларда ири бизнестегилер да колдонушат, анткени патентчилер акыркы субъекттердин колуна эсеп жүргүзүүдөн бошотулган.
Патенттик салык төлөө системасы салык төлөөчүлөргө кирешенин реалдуу суммасын жашырууга мүмкүнчүлүк берет жана ошого жараша орто жана ири бизнестин кирешелерине толук салык салынышы боюнча маселе келип чыгат.
Учурдагы патенттин негизинде салык төлөө системасы салык салуунун адилеттүүлүк принцибин бузат, башкача айтканда орто жана ири бизнестин субъекттери чакан бизнестин субъекттери үчүн патенттин наркынын суммасы эсептелген кирешенин суммасынан бир нече эсе көп киреше алышат.
Салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык патенттин негизинде салык төлөөчү субъекттин түшкөн акчасынын көлөмүнүн жүгүртүлүшү 12 айда жана кийинкиде 8 млн сомдон ашпоого тийиш. Бирок, орто жана ири бизнестин айрым субъекттери 8,0 млн сом чектик суммадан бир нече жолу ашып кеткенине карабастан патенттин негизинде иш жүргүзүүнү улантышууда, бул кийин мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө толук эмес салык төлөөгө алып келет.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып патент берүү соода ишмердигин жүргүзгөн чөйрөдө гана токтотулат, ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө патенттик система өзгөрүүсүз калат.
Бүгүнкү күндө соода ишин жүргүзгөн субъекттер бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтүшөт, анда салык салуунун адилеттүүлүк принциби сакталат жана салыктарды төлөө ККМди колдонуу жолу менен салык төлөөчү тарабынан түшкөн акчанын иш жүзүндө алынган суммасынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жүргүзгөн субъекттер төмөнкү ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде иштөөгө укуктуу:
Товарларды сатуудан түшкөн каражаттын жылдык көлөмү 15 млн сомго чейин болгон жеке ишкерлер үчүн салыктын ставкасы 0%ды түзөт жана төмөнкүлөрдөн бошотулат:
– салык төлөөдөн;
– отчет берүүдөн.
Бошотуу үчүн жеке ишкер төмөнкү шарттарды сакташы керек:
– ККМди милдетүү түрдө колдонуу;
– экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзбөө;
– 2ден ашык жалданган кызматкерлерди ишке тартпоо
– камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды сактоо.
Түшкөн каражаттарынын жылдык көлөмү менен соода ишинин субъекттери үчүн:
а) 30 млн сомго чейин – 0,5%дык ставка;
б) 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин – 1%дык ставка.
Буга импорттоочулар, экспорттоочулар, дистрибьюторлор жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуучу субъекттер (2710197100-2710199800 ТЭИ ТН коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды сатууну кошпогондо), дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар кирет. Ошондой эле калк менен эсептешүүдө ККМди колдонууга милдеттүү.
Базарлардагы жана кичи базарлардагы ишкерлер 0,1%дык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде өз ишин жүргүзүүгө укуктуу (КР Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган базарлардагы жана кичи базарлардагы соода ишине гана колдонулат).
Бул үчүн төмөнкү талаптарды аткаруу керек:
– акыркы 12 ай катары менен түшкөн кирешенин өлчөмү 100 млн сомдон ашпаш керек;
– ККМ, ЭЭФ жана ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу зарыл;
– товарларды өндүрүү боюнча иштин жок болушу абзел;
– алкоголдук продукцияларды, тамеки буюмдарын, дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды жана баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын сатпоо керек;
– экспорттук-импорттук операциялар болбош керек.
Жогоруда аталган пункттарга туура келбеген соода ишинин субъекттери үчүн ставкалар төмөнкүдөй:
– 4% – накталай түрдө;
– 2% – накталай эмес түрдө;
– 4% – жеке эмес субъекттин дарегине.
Бүгүнкү күндө Салык кызматы жеке кабинет аркылуу бирдиктүү салык боюнча автоматтык отчетту түзүүнү ишке ашырды, анда салык төлөөчү өзүнүн түшкөн каражатын тастыктайт, андан кийин МСКга отчет жөнөтүлөт.
“Дордой” жана “Тураталы эл базары – Кара-Суу” базарлары үчүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишмердикке салык каралган (КР мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттер жөнүндө), анда соода ишин жүргүзүүчү субъекттер өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуудан бошотулат.
Салык бир соода ордуна белгиленет жана ишкердик субъектинин өзү билдирген үстүдөгү календардык жыл үчүн алууга пландаштырылган түшкөн акчанын көлөмүнөн эсептелет. Мындан тышкары, өзгөчө режимдеги соода зонасында соода ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер отчет берүүдөн бошотулат.