2024-жылга Суу ресурстары кызматына 7,3 млрд сом бөлүү каралган
Суу ресурстары кызматына 2024-жылы 7,3 млрд сом бөлүү каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- мамлекеттик инвестициялар — 3 589,3 млн сом;
- атайын каражаттар — 126,7 млн сом;
- бюджеттик каражаттар — 3 614,8 млн сом.
Мындан тышкары, 2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 1 млрд сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик буйрутмалардын негизинде 222,5 млн сом өлчөмүндөгү каражат каржылангды.