2024-жылга Суу ресурстары кызматына 7,3 млрд сом бөлүү каралган

 2024-жылга Суу ресурстары кызматына 7,3 млрд сом бөлүү каралган

Суу ресурстары кызматына 2024-жылы 7,3 млрд сом бөлүү каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • мамлекеттик инвестициялар — 3 589,3 млн сом;
  • атайын каражаттар — 126,7 млн сом;
  • бюджеттик каражаттар — 3 614,8 млн сом.

Мындан тышкары, 2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 1 млрд сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик буйрутмалардын негизинде 222,5 млн сом өлчөмүндөгү каражат каржылангды.

Связанный пост