Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди
Кытайда катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди.
Сейсмология институтунун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берген маалыматына ылайык, 12-апрелде саат 14:13тө Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.