Жыл башынан тартып өлкө аймагында 278 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробековдун жетектөөсү менен жер-жерлердеги ЖКККБнын башчыларынын катышуусунда үч ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилге даярдануу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Жыл башынын тартып, өлкө аймагында 278 миң 740 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик бюджетке 116 млн 299 миң 700 сом өндүрүлгөн.
Алардын ичинен:
-Мас абалында унаа башкарган 3 миң 754 айдоочу;
-Автоээнбаштык жасаган 108 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 3 миң 014 айдоочу;
-Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 17 миң 118 факты;
-Айдоого укугу жок жарандардын транспорт каражаттарын башкаруусу 670 факты;
-Терезелерин караңгылаткан 682 айдоочу;
-Коопсуз курун тагынбаган 33 миң 132 айдоочу;
-Жол белгилерине баш ийбеген 125 миң 435 айдоочу;
-Башка жол эрежелерин бузган 94 миң 827 айдоочу.
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 23 миң 318 унаа айып короо жайына токтотулган.
Кеңешменин соңунда ЖКККББнын жетекчиси орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар тапшырмаларды койду.