Өлкөдө 800 га аянтка бадам, ит мурун, жаңгак үрөнү себилип, карагай, арча, алма көчөтү отургузулду

 Өлкөдө 800 га аянтка бадам, ит мурун, жаңгак үрөнү себилип, карагай, арча, алма көчөтү отургузулду

Токой кызматы аткарылып жаткан жазгы жумуштар тууралуу маалымат берди.

 

2024-жылга токой чарбаларга 1510 га аянтка экме токой отургузуу боюнча тапшырма берилген.

 

Бүгүнкү күндө токой чарбалар тарабынан 801,7 га аянтка экме токойлор отургузулду, же аткарылышы 53,09%ды түздү.

 

Анын ичинен:

 

631,6 га аянтка бадам, саксөөл, ит мурун, жаңгак үрөндөрү себилди;

170,1 га аянтка кызыл карагай, арча, алма бак-даракдардын түрлөрү отугузулду.

Связанный пост