Акылбек Жапаров Россиянын Кыргызстандагы Элчилигине барып, көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды

 Акылбек Жапаров Россиянын Кыргызстандагы Элчилигине барып, көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, Москва шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде террористтик актын кесепетинен набыт болгон жарандарга байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге, көп сандагы адам курмандыктарына алып келген террордук актка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуу телеграммасын жолдогон.

Связанный пост