Кыргызстанда сасык тумоо жана коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда

 Кыргызстанда сасык тумоо жана коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда

Кыргызстанда сасык тумоо менен КРВИ, ошондой эле коронавирус менен ооругандардын саны азаюуда. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

 

Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 12-жумасында (18.03-25.03.24-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 4058 учуру катталып, мурунку жумага салыштырмалуу 35%га төмөндөдү. Ооругандардын ичинен 70%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

 

Октябрдан тарта 1 миң 925 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

 

“Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,1%, респиратордук-синцитиалдык вирус 24,8%, парагрипп 16,8% жана башка вирустар 26,3% түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

 

Ошондой эле COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүү уланууда, акыркы жумада 8 учур аныкталып, анын 4 учуру Бишкекте, 3 учуру Ош шаарында, бир учуру Ош облусунда катталган.

 

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Связанный пост