Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Жазгы күн менен түндүн теңелишинин – эл аралык Навруздун келиши менен Сизди жана жалпы Кыргызстан элин чоң кубаныч менен куттуктайм. Ата-бабаларыбыздын бул байыркы майрамына карата менин эң жакшы жана чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди кабыл алууңузду өтүнөм.
Миңдеген жылдар бою адамзаттын жолун жарык кылган улуу майрамдардын бири болгон куттуу Навруздун байыркы үрп-адаттары жана бай руханияты бүгүнкү күндө адам дүйнөсүн ого бетер өңүнө чыгарып турат.
Бул жаз майрамынын жалпы адамзат баалуулуктары жана түбөлүктүү идеялары жаңы жашоонун башталышынын, жаратылыштын ойгонушунун символу, жакшылыктын, толеранттуулуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн жетишкендиги катары мындан ары да бизди кайра жаралуу жана жаратмандык, тынчтык жана бейпилдик, өз ара урматтоо жана ишеним жолуна алып барат деп ишенем.
Кут даарыган Навруздун жакшы салттарынан улам, биргелешкен аракеттер менен биздин өлкөлөрдүн кызматташтык жана коңшулук мамилелери мындан ары да өнүгөт жана кеңеет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана чоң ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана туруктуулук, бакубатчылык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүү каалады.