Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

 Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сизди жана боордош Кыргыз Республикасынын элин Эл аралык Новруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кеңири белгиленген бул жаркын майрам – жаздын башталышын жана жаратылыштын ойгонушун билдирет. Новруздун белгилүү жакшы каада-салттары жана маданий үрп-адаттары тилектештикти жана өз ара түшүнүшүүнү илгерилетүүгө, азыркы заманда абдан актуалдуу болгон элдердин ортосундагы тынчтыкты жана достукту чыңдоого өбөлгө түзөт”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана жалпы Кыргызстан элине бакыт, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Связанный пост