Бакыт Торобаев ичүүчү таза суу менен камсыздоонун маанилүү кадамдарын билдирди

 Бакыт Торобаев ичүүчү таза суу менен камсыздоонун маанилүү кадамдарын билдирди
“Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүнө баа берүү” аталышында 12-мартта Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаевдин катышуусунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, эл аралык өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте конкреттүү чечимдерди иштеп чыгууну камсыз кылуу багытында кеңейтилген жыйын өттү.
Жыйындын негизги максаты – туруктуу өнүгүүнүн негизги көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын жарандарынын бакубаттуу жашоосун, ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн  камсыздоого арналып, талкуу жүрдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана өнөр жайын кайра иштетүү министри Бакыт Торобаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө, Туруктуу өнүгүүнүн максаттары – келечекке болгон ар бир адамдын татыктуу жашоосун камсыздоого багытталган мамлекеттик саясаттын негизги эрежелеринин ажырагыс бөлүгү экенин айтты. Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун 2023-2027-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн максаттары боюнча кызматташуунун алкагында Кыргыз Респубилкасынын Президенти Садыр Жапаров  тарабынан 2030-жылга чейин “Эң мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүү” боюнча тапшырмалар коюлуп, жогорку деңгээлдеги Кеңеш түзүлүп иш-пландары, механизмдери иштелип чыкканын белгиледи.
Өзгөчө бул багытта Туруктуу өнүгүү максаттарына карай прогрессти тездетүүнүн алкагында, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыпкалоочу канализация көйгөйлөрүн чечүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады. Бул туурасында Бакыт Торобаев өз сөзүндө: “Айыл жериндеги тургундардын бакубат жашоосун камсыздоо үчүн, биринчи кезекте ар бир калктуу конушту коопсуз, сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана элге жеткиликтүү болгон кызматтарды түзүү”, – деп билдирди.
Мындан улам, буга дейре жер астындагы жана жер үстүндөгү чаржайыт башкаруудагы суу ресурстарын эффективдүү пайдалануу үчүн, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыпкалоочу курулмаларды куруу,  ирригациялык көйөгөйлөрдү чечүү багытында суу объектилерин, суу чарба инфратүзүмдөрүн ырааттуу колдонуунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жаңыдан түзүлгөнү айтылды.

Связанный пост