ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

 ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 11нен 13-мартаа чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чак. (Долон ашуусу);

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу️ унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;

Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост