Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-25-майда өтөт
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Ал ЖРТга тестирлөө 29-февралда башталганын жана 4-апрелге чейин аталган борбордун сайтында онлайн жүргүзүлө турганын эске салды.
Батракеева маалымдагандай, каттоо 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында жана мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн жүргүзүлөт.
Каттоодо бүтүрүүчүлөрдө төмөнкү документтер болушу керек:
– паспорттун оригиналы (эгер паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн аныктаган күбөлүк);
– орто билими тууралуу аттестаттын оригиналы (былтыркы жылы бүтүргөндөр үчүн);
– ЖРТга каттоо төлөмүн төлөгөнү тууралуу квитанция;
– талапка туура келген электрондук сүрөт.
“Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент үчүн каттоо төлөмүнүн баасы былтыркыдай эле 470 сомду түзөт”, – деди ал.
Эскерте кетсек, ЖРТ Кыргызстанда ЖОЖдордун гранттык орундарына, ошондой эле контракттык негизде окутуунун бардык формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки окуу) кабыл алууда милдеттүү болуп саналат.