Кытайдын аймагында катталган жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайдын аймагында катталган жер титирөө Кыргызстанда сезилди. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 27-февралда саат 20:17де Кытайдын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.