Гомбожавын Занданшатар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

 Гомбожавын Занданшатар «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды

Бүгүн, 27-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатардын Кыргызстандагы расмий иш сапары башталды.

Парламенттен билдиришкендей, алгач Гомбожавын Занданшатар баштаган монгол парламентинин делегациясы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл койду.

Кошумчалай кетсек, ардактуу конокторду Монголия менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобуну жетекчиси Улан Бакасов коштоп барды.

Связанный пост