Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды

 Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек мектептеринде сабактын убактысын кыскартуу сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

“Бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтырууга болот. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда”, – деп белгилешти муниципалитеттен.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 16-февраль күндүз жана 17-18-февраль күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Өлкөнүн айрым аймактарында термометрдин көрсөткүчү -33°C чейин төмөндөйт.

Связанный пост