Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт
Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу ЖЭБдин башкы инженери Нурлан Кулжыгачев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.
“Жылуулук тармактарында суунун температурасы 61 градустан 70 градуска чейин”, – деди ал.
Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.