Digital Almaty 2024 форуму. Адылбек Касымалиев кыргызча сүйлөгөн жасалма интеллект тууралуу айтып берди
“Digital Almaty 2024: Industry X” эл аралык санарип форумунун пленардык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, былтыр Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү депутаттарды шайлоо аралыктан онлайн добуш берүү аркылуу өткөн.
«Технологиялар эң сонун натыйжаларды көрсөтүп, жарандардын конституциялык укуктарын толук сактоону камсыз кылуу менен үзгүлтүксүз иштеди.
Таң калыштуусу, чет жерде жүргөн айрым жарандарыбыз аларды ким башкаруу керектигин жеринде жашаган эл жакшы билет деген жүйө менен шайлоо укугунан баш тартканы болду. Бул көрүнүш өзүнчө ой калчоону талап кылат.
Биз жашап жаткан 21-кылымда, санариптик өз ара аракеттешүүнүн жана метаверстердин доорунда дагы, биринчи кезекте эмне деген суроо турат: инсандын “аң-сезиминин”, “жарандык жоопкерчилигинин” деңгээлин өзгөртүү/көбөйтүүбү же “санариптик” технологияларды киргизүүбү?
Дагы бир суроо: чет өлкөдө жайгашкан “виртуалдык” жарандар менен өлкөнүн ичинде жайгашкан жарандардын таасири жана өз ара аракеттенүү деңгээли кандай? Мындай учурда биз кантип жарандын эркин билдирүүнү камсыздай алабыз, анын укуктарын коргой алабыз, ошол эле учурда анын коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулата алабыз?», – деди ал.
Адылбек Касымалиев мындан ары быйыл өлкө тарыхында биринчи жолу “Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси” кабыл алынаарын, ал “санариптик” ачылыштын укуктук негизин түзөөрүн кошумчалады.
Кодекс бардык санариптик нормаларды бир документке бириктирип, жарандарга, ишканаларга жана мамлекеттик органдарга ыңгайлуулукту камсыздайт.
«Кодекс көптөгөн ар кандай мыйзамдардан, кээде бири-бирине карама-каршы келген, ар кандай терминдер менен жөнгө салууну издебестен, бардык санариптик нормаларды бириктирген бир гана документти эффективдүү колдонууга мүмкүндүк берет. Укуктук системага бул олуттуу “хирургиялык” кийлигишүү- технологияларды ишке ашыруу жана өнүктүрүү процесстерин улуттук мыйзамдар жайлатууга негиз болуп калбашы үчүн жасалган аргасыз чара деп айта алабыз, анткени Кыргызстанда Президенттин жетекчилиги астында, азыр өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү багыты белгиленди», – деди Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, учурда Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 80% санариптик документтер менен камсыздалган.
Анын айтымында, жакында болгон жер титирөөдө телефон алып көчөгө чуркап чыккан көптөгөн жарандарга бардык керектүү документтер берилген.
«Күтүлбөгөн жерден бул табигый кырсыктардан камсыздандыруунун бир түрү болуп калды. Кызыгы, Android смартфондорундагы жер титирөө тууралуу эскертүү окуянын өзүнө бир мүнөт калганда келген. Кудайга шүгүр, кээ бир мамлекеттердегидей кырсык кайталанбаганына. Бирок көчөгө чуркап чыгууга бир мүнөт жетиштүү болду! Эмне үчүн эскертме iPhone телефондоруна келген жок? Көрсө, Apple биздин өлкөлөрдү кырсыктан кабарлоо кызматы үчүн жеткиликтүү өлкөлөрдүн тизмесине киргизген эмес. Бул жөнөкөй функциядай сезилет, бирок ал адамдардын өмүрүн сактап кала алат! Бизге технологиялык компаниялар, өзгөчө Apple, Google жана Microsoft менен диалог керек. Технологиялык корпорациялар «жалпы жыргалчылык» үчүн иштеген мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн өнөктөшү болушу керек, – деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.
Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев белгилегендей, анын презентациясы Midjourney нейрондук тармагын колдонуу менен түзүлгөн.
Ал кыргыз тилинде сүйлөөгө жана түшүнүүгө үйрөтүлгөн жасалма интеллектти тартуулады.
«Эгерде өткөн жылы форумда Элис жана Сири сыяктуу популярдуу үн жардамчылары кыргыз тилин колдобойт деп кабатырлансак, бүгүн мен сыймыктануу менен биздин адистер кыргыз тилинде сүйлөө жана түшүнүү үчүн жасалма интеллектти үйрөтүштү. Жыйынтыгы мени таң калтырды. Көптөр үчүн бул түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок эң сонун дикцияны белгилесе болот.
Бул санариптик диктор биздин мамлекеттик радио каналдардан жаңылыктарды окуп жатат.
Таң калыштуусу, бул алмаштырууну эч ким деле байкаган жок.
Кийинки маанилүү кадам катары биздин мыйзамдарда жасалма интеллектти үйрөтүү болот, бул бизге жарандарга гана эмес, мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарына да юридикалык кеп-кеңештерди берүүгө мүмкүндүк берет», — деди Адылбек Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев белгилегендей, дүйнөлүк санариптик экономика ушунчалык чырмалышкандыктан, кээде инновацияларга караганда жеткирүү чынжырлары маанилүү. Ошентип, Жасалма интеллект үчүн процессорлор АКШда иштелип чыккан, такталар Кытайда чогултулган, ал эми чиптер, Голландияда өндүрүлгөн жана дүйнөнүн ар тарабынан чогултулган жарым миллион бөлүктөн турган жабдыктарды колдонуу менен Тайванда даярдалган. Анын пикиринде, ЕАЭБ өлкөлөрү жакынкы 40-50 жылда гүлдөп-өсүү булагын колдон чыгарбоо үчүн бул чынжырларга кошулуп, бул процесстердин бир бөлүгү болууга тийиш.
«Экономист катары мен эч качан баса белгилөөдөн тажабайм: атаандаштык – экономикалык өнүгүүнүн кыймылдаткычы.
Ооба, адамзат буга чейин өзүбүз жараткан технологиялардан келип чыккан мындай атаандаштыкка туш болгон эмес. Кесиптештер, мен бул жарышта артта калбастан, атүгүл катышпай калабыз деп корком», – деди ал.
Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ЕАЭБдеги санариптештирүүнүн деңгээли туурасында маалыматтардык берди, алсак, «ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумун» өнүктүрүү боюнча жарыяланган 78 “жалпы процесстердин”, 27си – иш аракетке кирди, бирок зарыл процедуралар толук аягына чыга элек жана жалпысынан ЕАЭБдин бардык мүчө-мамлекеттери 16 “жалпы процесстерге” толук кошулду. Кыргызстан 22 «жалпы процесстерге» толук кошулуп, Биримдиктин бардык башка мамлекеттеринен алдыда турат.
«Урматтуу кесиптештер, биз жакынкы келечекте санариптик чөйрөдө бурулуш жасашыбыз керек. Баарыбызга айкын болгондой, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын эбегейсиз зор потенциалы аны ишке ашырууну талап кылат.
Дагы бир жолу, мен санариптик трансформациянын жаңы доору бизден адаптациялоону гана эмес, келечекти калыптандырууга жигердүү катышууну талап кылып жатканына көңүл бургум келет.
Бул жарыш жеке жарыш эмес, сегиз сандуу байдарка жарышы. Жасалма интеллект бул саякаттын негизги элементине айланып баратат жана биздин милдет тенденцияларды ээрчип гана тим болбостон, аларга таасир этишибиз керек.
Инновацияларга, глобалдуу өз ара аракеттенүүгө жана стратегиялык ой жүгүртүүгө негизделген биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана биз санариптик доордун чакырыктарын ийгиликтүү жеңип, келечек муун үчүн туруктуу жана бакубат коомду кура алабыз”, – деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.
Форумга катышуунун алкагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары санариптик долбоорлордун көргөзмөсүнө барышты, ошондой эле Digital Almaty сыйлыктарын тапшыруу аземине катышты.