“Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.
Республикада мал уурдоону болтурбоо жана анын деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган Мыйзамда мал уурдоого жоопкерчилик аныкталып, КР Кылмыш-жаза кодекси “Мал уурдоо” 205¹-беренеси менен толукталууда.
Аталган берененин 1-бөлүгүнө ылайык олуттуу эмес өлчөмдө (эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан) бирөөнүн малын жашыруун уурдоо,- 100 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Олуттуу өлчөмдө (эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашкан) жасалган мал уурдоо,-
2 айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мал уурдоо:
1) ири өлчөмдө (эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан);
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирүү менен жасалганда,-
мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Мал уурдоо:
1) өзгөчө ири өлчөмдө (белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма беш миң эсе ашкан);
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалганда,-
мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде мал деп, майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко түшүнүлөт.
Ошол эле учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык “Мал уурдоо” 205¹-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралаган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине 14 жаштан баштап тартыларын белгилей кетүү керек.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.