Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды
Ош электр тармактар ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Энергетика министрлиги маалымдады.
Ош электр тармактар ишканасынын Ош райондук электр тармактары, Ноокат райондук электр тармактары, Өзгөн райондук электр тармактары жана курулуш монтаждоо бөлүмүнө 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор тапшырылды.
Ишкананын директору Эмилбек Ысманов техникаларды тапшырып жатып, өз сөзүндө жакшы шарттар түзүлүп, тейлөөнүн сапаты да жогорулаганын баса белгиледи.
Ошондой эле ал “Алынган техникалар күз-кыш мезгилине өз убагында даярданууга өбөлгө түзүп, электр энергиясы менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат” – деп кошумчалады.
Жалпысынан 3 кран манипулятор жана 2 жүк жүктөөчү экскаватор “Кыргызстан УЭТ” ААКтын эсебинен алынды.
Эске салсак, энергетика министри Таалайбек Ибраев өткөн жылы Ош ЭТИнин кызматкерлери менен жолугушу өткөргөн. Анда министр ишкананын унаага болгон зарылчылыгын көрүп, жаңы техникалар менен камсыздалаарын айткан.