Жер мунапысы: Ошто 580 жаранга мамлекеттик актылар берилди

 Жер мунапысы: Ошто 580 жаранга мамлекеттик актылар берилди
Былтыр 580 жаранга мамлекеттик актылар берилди. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.
Жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосуна 2100 арыз келип түшүп, анын ичинен 844 жаранга жер тилкеси мыйзамдаштырылып, 580 жаранга мамлекеттик акт берилди.
Калган жарандардын арызы Жобонун талаптары боюнча жер мунапысынын обьектисине кирбегендигине байланыштуу комиссиянын кароосунан четтетилип, арыз ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Связанный пост