Ошто былтыр муниципалдык ипотекалык программасы аркылуу 576 жаран турак жайлуу болду
Муниципалдык ипотекалык программасы аркылуу 576 жаран турак жайлуу болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов маалымдады.
Муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан ипотекалык негизде 9 кабаттуу 3 турак үйдүн (237 батир) жана үлүштүк курулуш программасынын алкагында 6 көп кабаттуу турак үйдүн (1000 батир) курулушу башталды.
Долбоордун алкагында 1200 дөн ашуун үй-бүлөнү жеңилдетилген шартта батир менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болот.
Эске салсак өлкө боюнча жалгыз Ош шаарында муницпалдык ипотекалык программасы ийгиликтүү ишке ашып келе жатат.