Нарынга 100 миңден ашык туристтер келип, киреше 5 эсеге көп болду

 Нарынга 100 миңден ашык туристтер келип, киреше 5 эсеге көп болду

Нарынга 100 миңден ашык туристтер келип, киреше 5 эсеге көп болду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.

 

Туризм тармагында быйылкы жылы Нарын облусуна 100 миңден ашык туристтер келип, келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырганда 3 эсеге, алардан түшкөн киреше 5 эсеге көп болду.

 

Тактап айтканда, 2022-жылы 34 446 турист келип, 9 млн сом киреше түшсө, 2023-жылы туристтердин саны 100 630га жетип, кирешеси 49 млн сомду түздү.

Связанный пост