Сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга Айыл чарба министрлиги колдоо көрсөтөт

 Сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга Айыл чарба министрлиги колдоо көрсөтөт
Сафлор майын өндүрүүгө кызыкдар болгон дыйкандарга Айыл чарба министрлиги колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” фонду тарабынан “Сафлордон өсүмдүк майын өндүрүү” боюнча типтүү бизнес план иштелип чыкканын билдирет.
Бул бизнес-план сафлор уругунан тамак-ашка жарамдуу өсүмдүк майын өндүрүү боюнча мини-заводду же цехти курууну камтыйт. Бизнес план боюнча сафлор майын өндүрүү цехтин курулушу 8000-16000$ талап кылат. Министрлик Фонд менен биргеликте мындай цехти ачууга кызыктар болгон ишкерлерге жана дыйкандарга техникалык колдоо көрсөтөт.

Связанный пост