Эмгек министрлиги: 2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү
2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% га азайып, 91,6 миң адамды түздү.
Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6%га өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16,7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.
Эмгек министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9% түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,4% пайыздык пунктуга төмөн.
Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2,8% ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1% пайыздык пунктуга төмөн.