Салыктан жети айда 85,9 млрд сом чогулду
2022-жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 85 млрд 988,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго ашыгы менен чогултулган (101,6%га аткарылды).
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 30 млрд 442,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 154,8%).
Салык боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыкча аткарууга салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторингдөө боюнча иштердин аркасында мүмкүн болду.
Ошондой эле, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, контролдук-кассалык машина, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча “Жыйынды пост” системасы ж.б. ишке киргизилиши да оң таасирин тийгизүүдө.