РКӨФ Кыргызстандын экономикасына 2023-жылы 160 млн долларлык салым кошту

 РКӨФ Кыргызстандын экономикасына 2023-жылы 160 млн долларлык салым кошту

2023-жыл Россия-Кыргыз өнүгүү фонду үчүн бардык көрсөткүчтөр боюнча рекорддуу жыл болду. Бул тууралуу РКӨФ маалымдады.

РКӨФтун тарыхында биринчи жолу бекитилген бюджет дээрлик 30%га аткарылып, 128 миллион АКШ долларынын ордуна 160 миллион АКШ долларынан турган долбоор инвестицияланды. Фонддун бүтүндөй ишмердүүлүгүндө бул жыл каржылоонун көлөмү боюнча рекорддуу болуп, мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүнөн эки эсеге көп болду. Жалпысынан алганда акыркы үч жылда фонд КРнын экономикасына 265 миллион АКШ долларынан ашуун инвестиция жасаган. Бул фонд иштеп баштагандан тарта бөлүнгөн бардык каражаттын 40%зы.

2023-жылы РКӨФтун колдоосу менен 20дан ашуун ири долбоорлор ишке кирди. Акыркы үч жылдын ичинде мындай 45 долбоор чогулуп, 82 жаңы буйрутма жактырылган. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2015-жылдан 2021-жылга чейин мындай 75 долбоор жактырылган.

Өтүп бара жаткан жылы КОӨФ төмөндөгүдөй мега долбоорлорду ишке ашырууга киришти: “Терек Таш” ЖЧКсынын цемент заводунун (каржылоо өлчөму- 45 миллион АКШ доллары, инвестицияынын көлөмү – 160 миллион АКШ доллары) курулушу, “Куланак” ГЭСи (44 миллион АКШ доллары, инвестиция – 130 миллион АКШ доллары) жана “Асылташ” ЖЧКсынын керамикалык такта заводу (25 миллион АКШ доллары, инвестиция – 35 миллион АКШ доллары).

Фонд жалпы кубаттуулугу 161 мегаватт болгон ГЭСтер курулушунун 8 долбоорун каржылайт. Андан сырткары азык-түлүк тармагы боюнча долбоорлор каржыланууда. РКӨФ жардам көрсөткөн өндүрүшчүлөр өлкө калкы керектеген эң зарыл товарлардын 20дан 80%га чейинкисин жабууда.

РКӨФ социалдык долбоорлорду да унутта калтырбайт. Быйыл 1750 окуучуга ылайыкталган 5 билим берүү мекемеси ишке берилди. Кызыл-Кыяда жана Таласта заманбап медициналык-диагностикалык борборлор, ал эми Бишкек шаарында – балдар кардиохирургиялык бейтапканасы ачылды.

“Президент менен Министрлер кабинети экономиканы жана биздин жашоонун бардык чөйрөлөрүн өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча амбициялуу тапшырмаларды коюшту. РКӨФ бул стратегиялык максаттарга жетүүнүн аракетинде болот. Биз реиндустриализация жана өндүрүш тармагындагы ири долбоорлор программасына өзгөчө көңүл бөлөбүз” – деди РКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы Артем Новиков.

“Бул аралыкта фонд өлкө экономикасына чоң салымын кошо алды. Алдыда мындан да чоң пландарыбыз бар. Ишибиз натыйжалуу болушу үчүн колдон келген аракетибизди жасай беребиз”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост