Кыргызстанда 1 жума ичинде мас абалда унаа башкарган 200дөн ашуун айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 1нен 7-январга чейинки аралыкта 16 миң 195 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Акыркы жумада аныкталган бузуулардын ичинен:
- тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 196;
- мас абалында унаа башкаруу – 208;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 32;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуулар – 754;
- ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 2 080;
- автоээнбаштык – 7;
- ылдамдыктан ашырып айдоо – 3 442;
- жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу – 4;
- башка эреже бузуулар – 9 472.
Жол инспекторлору тарабынан 1 091 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилди.
КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.