Милиция жаңы жылдык майрам күндөрүндөгү эс алуу учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча кызматын улантууда

 Милиция жаңы жылдык майрам күндөрүндөгү эс алуу учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча кызматын улантууда

2024-жылдын 1-январь күнүнөн 8-январь күнүгө чейин республика аймагында милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча өз ишин улантууда.

Майрамдык иш-чаралар өткөн жерлер жана эс алуучулардын массалык чогулган жерлери милициянын кызматкерлери тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү боюнча иш чаралар улантылууда.

Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча дагы өзгөчө көңүл буруу менен, республиканын ички жана эл аралык трассаларында, айыл-шаарларды бириктирген жолдордо унаа кырсыктарын болтурбоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш-чараларды тийиштүү кызматтар иш алып барууда.

Связанный пост