2 миллиондон ашык санариптик эмдөө карталары түзүлдү

 2 миллиондон ашык санариптик эмдөө карталары түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «iEmdoo» маалыматтык тутумунун жардамы менен вакциналарды алган адамдарды персоналдык эсепке алууну жүргүзүүдө.

Санариптик эмдөө картасы эмдөөлөрдүн бардык түрлөрү, анын ичинде пландуу жана эпидемиологиялык себептер боюнча жүргүзүлгөндөр боюнча толук жана персоналдаштырылган маалыматтарды камтыйт. Ал ошондой эле медициналык каршы көрсөтмөлөр, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болуучу терс таасирлер жана бейтаптын өмүр бою ден соолугунун башка маанилүү аспектилери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Санариптик эмдөө картасын түзүү процесси автоматташтырылган жана төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн баланы биринчи эмдөө учурунда башталат. Андан кийин алынган маалыматтар саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде эмдөөлөрдүн ишенимдүү жана бирдиктүү эсепке алынышын камсыз кылуу менен баштапкы деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилет.

Санариптик чечимдин маанилүү артыкчылыктарынын бири – үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде эмдөө сертификаттарын түзүү мүмкүнчүлүгү.

Бүгүнкү күндө биринчи жолу 2 015 166 санариптик эмдөө карталары түзүлүп, алдын ала 20,1 млн сом үнөмдөлгөн. Санариптик эмдөө карталары маалыматтын жоголушуна жол бербестен, ар кандай медициналык мекемелердин ортосунда маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүп, ошондой эле коомдук саламаттык сактоо тармагында натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга негиз түзөт.

Эскерте кетсек, жарандар санариптик эмдөө картасы “Түндүк” мобилдик тиркемесиндеги “Санарип Ден соолук профили” аркылуу жеткиликтүү. Бул санариптик чечим ден соолугуңузга жана маанилүү медициналык маалыматтарды көзөмөлдөө үчүн негизги курал болуп калат. Белгилей кетчү нерсе, ата-энелер да бул тиркеме аркылуу жашы жете элек балдарынын эмдөө боюнча маалыматын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, муну менен үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнун медициналык тарыхын көрүүгө толук жана ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда профилактикалык эмдөө календарына ылайык адамдарга вакцинаны алууну эскерткен кабарлоо системасын иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат. Бул билдирүүлөр автоматтык түрдө “Түндүк” мобилдик тиркемесине жөнөтүлүп, жарандарга профилактикалык иш-чаралардын зарылчылыгы жана маанилүүлүгү тууралуу өз убагында маалымат берилет.

Министрлик эмдөө процессин бардык жарандар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана маалыматтуу кылууга умтулат жана бул максатка жетүү үчүн “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуу негизги ролду ойнойт.

Связанный пост