Бишкекте президенттик балатыга 1100 бала катышат
Бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балаты майрамына катышат.
Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.
Жаңы жылдык театралдаштырылган концерттик программа УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз алып көрсөтүү 10:55те башталат.