Бишкекте тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтер 41,7% жогорулады

 Бишкекте тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтер 41,7% жогорулады
2023-жылдын 1-декабрынан тартып «Электр станциялары» ААКтын филиалдары Бишкек шаардык ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын бардык өздүк наркынын деңгээлинде төлөм жүргүзүшөт.
▶️Кыргыз Республикасынын Энергетика Министрилигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин буйругуна ылайык 2023-жылдын 1-декабрынан тартып «Электр станциялары» ААКтын филиалдары болгон Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана берилген жылуулук энергиясына болгон тарифтер 1 Гкал үчүн 2 918,92 сом өлчөмүндө бекитилди (салыктарды эске албаганда), башкача айтканда буга чейинки тарифтен 856,9 сомго же болбосо 41,7% жогорулады.
▶️Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо тарифтерине таасирин тийгизбейт.
▶️Аталган «Өнөр жай» жана «Башка керектөөчүлөр» топтору үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтер 2023-жылдын
1-декабрынан тартып өзгөрдү, ал эми «Бюджеттик керектөөчүлөр» тобу үчүн 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөрө тругандыгын маалымдайбыз.
▶️Ал эми, башка жылуулук менен жабдуучу ишканалардын («Кыргызжыллук» МИ, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана ж.б. )тиричилик эмес керектөөчүлөрү ошондой эле жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлинде төлөй турганын белгилейбиз.

Связанный пост