Президент: 2024-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сомдон бөлүнөт
«2024-жылы Токмок жана Кара-Балта шаарларын өнүктүрүү үчүн 1 млрд сомдон бөлүнөт”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө айтты.
Мамлекет башчысы региондорду колдоо боюнча иштер туруктуу өнүгүү максатында улантыларын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров учурда Каракол шаары өзгөрүп, күн сайын кулпуруп, жаңыланып, анын аркасында туристтердин агымы көбөйүп жатканын билдирди. Дал ушундай эле Токмок жана Кара-Балта шаарларына да көңүл бурулат. Аларга бөлүнгөн каражаттар инфраструктураны жакшыртууга багытталат.